• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 88ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Ушул тапта Казакстанда 88 кишиден вирус табылды. Алматыда – 34, Нур-Султанда –46, Карагандыда –2, Чымкентте – 2, Алматы, Актөбө, Жамбыл жана Түндүк Казакстан облустарында бирден адам эмделүүдө.

Чымкентте коронавирус жуктурган биринчи адам 24-мартта аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча ал бир нече күн мурун автобус менен Нур-Султандан келген. 25-мартта анын апасынан вирус табылган.

Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевдин билдиришинче, автобуста 51 киши болгон. Алардын 35и табылып карантинге алынды. Калганы изделип жатат.

Чымкентке карантин киргизилген жок, бирок 25-мартта бир миллиондон ашык калкы бар шаарга 12 блокпост коюлду. Полиция калаага кирген автоунааларды текшерип, медиктер тепловизор менен айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерүүдө.

Казакстанда 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. 19-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарлары карантинге жабылган.

Пикир

Оставить комментарий