• 87
  • 90.41
  • 0.84

Казакстанда өрттөн улам 39 кожолук жайытсыз калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Караганда облусунун Улытау районунда бир адамдын өмүрүн алган талаадагы өрттүн чыгымдары эсептелүүдө.

Өрттөн улам жергиликтүү тургундар жүздөгөн баш малдан айрылып, 5 миң гектардан ашык жер күйүп кеткен. Расмий маалыматтарга ылайык, 39 жер колдонуучу жайыттардан жана чөп чабык жерлеринен кол жууган.

Дыйкандар менен жолуккан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жабыркагандарга жардам берилерин билдиришти. Варианттардын бири катары аларга мамлекеттин запасындагы жерлерди бир жыл бекер пайдаланууга берүү каралып жатканы айтылууда.

Аткаминерлер 318 баш малын жоготкон жергиликтүү тургунга чыгымдар эсептелгенден кийин базар баасы менен компенсация төлөп берүүнү убадалашты.

Бүгүнкү күнгө карата Улытау районундагы өрт толугу менен өчүрүлдү.

Өрткө байланыштуу райондогу төрт айыл аймагына өзгөчө абал режими киргизилген. Аны өчүрүүгө жүздөгөн киши, анын ичинде жергиликтүү тургундар да тартылган.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, өрт жайылган жердин жалпы аянты беш миң гектардан ашкан.

4-июль күнү кечинде жергиликтүү тургундар өрт болгон аймактан күйүп кеткен автоунааны жана анын жанында жаткан 23 жаштагы айыл тургунунун сөөгүн табышкан.

Пикир

Оставить комментарий