• 87
  • 90.59
  • 0.87

Казакстандагы учак кырсыгы. Кыргызстандын 3 жараны тең тирүү экени аныкталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Саат 18:00гө карата маалымат боюнча, Казакстандагы учак кырсыгына кабылгандардын арасынан Кыргызстандын үчүнчү жараны тирүү экени аныкталды. Бул тууралуу Өзгөө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, ал 1988-жылы туулган Э. Д. аттуу жаран.

Жалпы Кыргызстандын 3 жараны Казакстандын Актау шаарындагы ооруканага жеткирилген. Алар:

- 2004-жылы туулган А.Р.Т ;

- 1998-жылы туулган О. Т. М.;

- 1988-жылы туулган Д.Э.Д.

Белгилей кетсек, бүгүн Казакстандын Актау шаарында кырсыкка учураган Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан "Эмбреар - 190" учагында жалпы 67 жаран болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоосу Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны жана бешөө экипаж мүчөсү болгон. Учурда 32 адам тирүү экени аныкталды. Учурда тактоо иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий