Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Казакстанда учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын абалы тууралуу маалымат берди.
Казакстан медициналык жайларынын кызматкерлеринин берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын үч жараны — 2004-жылы туулган А.Р.Т., 1998-жылы туулган О.Т.М. жана 1988-жылы туулган Д.Э.Д. — азыркы тапта Мангистау облустук көп тармактуу ооруканасында дарыланууда.
"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, учурда А.Р.Т.нын абалы оор деп бааланууда. Калган кыргызстандык жарандардын өмүрүнө коркунуч жок экени айтылып жатат, аларга тийиштүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин кызматкерлери Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Бул жагдай КР Тышкы иштер министрлигинин тыкыр көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, бүгүн, 25-декабрда саат 11:30 чамасында Мангистау облусунда "Актау" эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураган. Учак AHY8243 каттамы менен Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан.
Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.
Учактагы жүргүнчүлөрдүн жарандыгы:
- 37 - Азербайжан жараны;
- 16 - Россия жараны;
- 6 - Казакстан жараны;
- 3 - Кыргызстан жараны.
Пикир
Оставить комментарий