• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Казакстандан Кыргызстанга жүктөрдү мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден Кыргызстанга товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик чек арасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июлда Ысык-Көл облусунун "Каркыра-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайында Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан "Volkswagen" үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичи автобусту башкарып бара жаткан КР жараны А.у.А. токтотулган. Ал эч кандай коштоочу документтери жок ири өлчөмдө товардык-материалдык баалуулуктарды (мотоциклдер, кийим-кече жана башка эл керектөөчү товарлар) алып кирүүгө аракет кылган.

Учурда аталган мыйзамсыз аракетке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, милдеттүү салыктарды жана башка чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Пикир

Оставить комментарий