• 87
  • 90.41
  • 0.84

Казакстандан мыйзамсыз алынып келе жаткан 200 куту жумуртка артка кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда коңшу өлкөлөрдүн биринен мыйзамсыз алып келе жаткан 200 куту жумуртка аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык инспекциясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайында Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан 200 куту тооктун жумурткасы "Чоң-Капка" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталган.

"Чоң-Капка" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү учурунда ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

"Чоң-Капка" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий