• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мыйзамсыз жүктү Ветеринардык кызматтын "Кең-Булуң" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан кармашкан.

Жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги белгилүү болду.

Инспекторлор тиешелүү артка кайтаруу актысын түзгөн соң жүк "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий