• 87
  • 90.41
  • 0.84

Казакстандык артисттер гастролдук тур менен Бишкек шаарына келет

Маданият 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Роза Багланова атындагы "Казакконцерт" мамлекеттик концерттик уюму гастролдук тур менен Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, казакстандык артисттер үстүбүздөгү жылы 26-июнда кечки саат 19:30да Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Достук жайы" аталышындагы чоң программадагы гала-концертин тартуулайт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.

Концерттик программага А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Симфониялык оркестри башкы дирижер Захар Бутенконун жетекчилиги алдында катышат.

Белгилей кетсек, "Казакконцерттин" артисттери 2022-2023-жылдардагы концерттик-гастролдук сезонунда АКШ, Франция, Швейцария, Словения, Бельгия, Австрия, Хорватия, Венгрия, Италия, Бразилия, Түштүк Корея, Россия, Германия, Өзбекстанда 35 концерт жана 2 спектакль тартуулашкан.

Ошондой эле Казакстандын Абай, Улытау, Жетысуу, Чыгыш Казакстандын Кызыл - Ордо, Түркстан, Жамбыл, Мангистау, Атырау, Батыш Казакстандын Актөбө, Акмола, Түндүк Казакстандын Павлодар, Караганда облустарынын алыскы калктуу конуштарында 70 концерт жана 6 спектакль тартуулашты.


"Казакконцерт" мамлекеттик концерттик уюму Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетине караштуу республикалык мамлекеттик ишканасы болуп саналат. Бул Казакстандагы эң ири музыкалык уюм. 2021-жылы СССРдин жана Казакстандын эл артисти Роза Багланованын ысымы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий