Казакстандын Каламкас мунай кениндеги өрт үч күндөн кийин өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек. 28.03.19 /Кабар/. Үч күндөн бери уланып жаткан Казакстандын Каламкас кениндеги өрт 28-мартка оогон түнү өчүрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Нурлыбек Женисбек билдирди.

13-мартта Каламкас кениндеги скважиналардын биринде газ аралашмасы сызылып чыгып жатканы аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча 25-мартта ал тутанып, күйө баштаган.

Мурдараак жергиликтүү басылмалар Мангистау облустук Экология департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Руслан Тукеновго шилтеме кылып, кенде мунай төгүлгөн фактылар катталбаганын жазышкан.

24-мартта бийлик Каламкас мунай кениндеги авария боюнча тергөө иштери башталганын билдирген. Өрт чыккандан кийин «КазМунайГаз» аны өчүрүүгө жердин алды менен бара турган жолдун жоктугун кыйынчылык туудуруп жатканын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий