• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Казакстанлын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Казакстандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Пикир

Оставить комментарий