• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Казакстандын президенти Токаев мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Манас» эл аралык аэропортунда Казакстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Мамлекеттик визиттин алкагында Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт жана анын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Казакстандын Президентинин Мамлекеттик визитинин алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекте боло турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Пикир

Оставить комментарий