Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.
«Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди келе жаткан жаңы, 2020-жылыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге мындан аркы мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, Кыргызстан элине — бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүнү каалайм!"- деп белгиленген Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда.
Пикир
Оставить комментарий