• 87
  • 90.41
  • 0.84

Казакстанга мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды

Аймак 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Чүй облусунда көзөмөл өткөрмө жайынан сырткары коңшу мамлекетке өтүп кетүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-январь күнү чек арачылар Чалдыбар аймагын кыдыруу маалында Казакстанга мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылган 41 жаштагы Б.К. аттуу кыргыз жаранын кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий