Ерлан Кошанов «Ата-Бейитке» гүлчамбар койду

Коом 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бүгүн Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапарын «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинен баштады.

Жогорку кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мажилис төрагасы 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке, ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүлчамбар коюп, маркумдарды эскерди.

Белгилей кетсек, ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев коштоп барды.

Пикир

Оставить комментарий