• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Казанда БРИКС эл аралык спорттук оюндары салтанаттуу ачылды

Спорт 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Күн мурун, 12-июнда Татарстандын Казань шаарындагы “Казань Экспо” салтанат залында БРИКС эл аралык спорттук оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, аземге департаменттин директору Айбек Абдымомунов, Россиянын спорт жана туризм министри Михаил Дегтярев жана Татарстан президенти Рустам Минниханов катышты.

Ачылыш аземде өлкөлөрдүн парады болуп, Кыргызстандын желегин самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жамалбек Асылбек уулу көтөрүп чыкты.

Спорттук иш-чарага Кыргызстандын атынан 100дөн ашык спортчу 14 спорттун түрүнөн (ушу-саньда, ушу таолу, самбо, каратэ-до, жеңил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, байдарка жана каноэ менен сүзүү, бокс, көркөм гимнастика, кураш, бел боо күрөшү, дзюдо, теннис) катышууда.

Жалпы 97 өлкөдөн келген 4751 спортчу 29 спорттун түрүнөн күч сынашат.

Эскерте кетсек, 12-июнда башталган мелдеш 25-июнь күнү жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий