• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Казарман – Акталчат унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Казарман – Акталчат унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл Казарман – Акталчат унаа жолунун 2-5-чакырым аралыгында асфальт төшөө планга коюлган. Аталган жолдун 1,8 чакырымына асфальт басылды. Жолдун калган бөлүгүнө суу өтүүчү түтүкчөлөр орнотулуп бүтүп, асфальт төшөөгө жер негизи даярдалып жатат, 1,2 чакырым асфальт төшөлөт.

Ал эми №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Бирдик – Арал – Карл-Маркс унаа жолунун 0-3-чакырымдар аралыгында автогрейдер менен тегиздөө жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал – Казарман участогунда таштандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий