Кечээ Бишкекте абанын температурасы +41,3кө жетти

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Кечээ, 26-июлда Бишкекте абанын суткалык орточо температурасы климаттык нормадан 6,8° жогору болду.

Кыргызгидрометтен билдиргендей, 26-июлда абанын жогорку температурасы +41,3° жетип, 2017-жылы ушул күнү байкалган +39,3° басып өттү, ал эми абанын минималдуу температурасы 27-июлга караган түнү +25° түздү.

Ош шаарында 26-июлга карата жогорку температура +39°ту, төмөнкү температура 27-июлга караган түнү +24°ту түздү.

Пикир

Оставить комментарий