Бишкек, 19.07.21. /Кабар/. Кечээ, 18-июлда саат 17:45те Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып жазып чыкты.
Жер титирөө Кемин районунун Ильич, Боролдой, Кичи-Кемин айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий