Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Кечээ, 8-ноябрда саат 21:11де Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, ӨКМден билдиришти.
Жердин силкинүүсү Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь, Карача, Алма айылдарында эки баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий