Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында 9-февралда саат 10:39да очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.
Жер титирөө Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук, Жаңы-Базар, Курулуш айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикир
Оставить комментарий