• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Кечирим сураган дарыгер. УКМК кечирим суратууга тиешеси жок экендигин билдирди

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. УКМК, алар медицина кызматкерлерин күчкө салып эл алдынан кечирим суратып жатат деген маалымат боюнча билдирүү жасады.

"Дүйнө жүзүндө таралып жаткан коронавирустун тегерегинде, айрым тараптар такталбаган маалыматтарды таратуу жана коронавируска каршы иштеп жаткан баардык мекмелердин ишин жаман көрсөтүү аркылуу өздөрүнө жеңил пиар кылуу аракетин көрүшүүдө. Белгилей кетсек, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган маалыматтарды тараткандар, алардын арасында медицина кызматкерлери да аныкталган. Кармалгандарга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин баардыгы кое берилген", - деп билдирет УКМК.

УКМКдан билдиришкендей, жогоруда айтылган факттар боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.

"УКМК Ысык-Ата үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Бектур Апышевдин катышуусу менен кандайдыр бир иш-чара өткөрүлбөгөндүгүн жана анын катышуусу менен таратылган видеого эч кандай тиешеси жок экендигин билдирет", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

УКМК жарандардан маалыматтарды расмий булактардан алып, кандайдыр бир билдирүү таратканда так болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий