• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кел-Суу көлү – өлкөнүн эң алыскы жана кооз жерлеринин бири

Аймак 0


Кел-Суу көлү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Аксай өрөөнүндө жайгашкан. Бул өлкөнүн эң алыскы жана кооз жерлеринин бири.

Келип чыгышы: Көл таш кулагандан кийин түзүлгөн табигый дамбанын натыйжасында пайда болгон. Анын кооздугу жана уникалдуулугу бардык келгендерди суктандырат.

Тереңдиги жана аянты: Көлдүн тереңдиги 10 метрге жетиши мүмкүн, ал эми узундугу 9 км, туурасынан 500-2000 метрге жетет. Бирок суу тартылып турат. Мындан улам суунун деңгээли айларга карап өзгөрөт.

Пейзаждар: Көл бийик аскалар жана тоолор менен курчалган. Бул жердин көрүнүшү күндүн убактысына жана аба ырайыга жараша өзгөрүп турат.Кел-Сууга барсаңыз унааңыз көлгө чейин жетпей калышына даяр болуңуз. Жол аябай татаал. Мындан улам алды бийик, тоо жолдору үчүн даярдалган машина менен баруу керек. Көлгө чейин саз жана таш жолдор аркылуу өтөсүз.

Пикир

Оставить комментарий