• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

"Келечекке салым" балдар депозитинин жобосу бекитилди – Эмгек министрлиги

Коом 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. КР президенти кабыл алган 2024-жылы "Келечекке салым" мамлекеттик балдар салымын киргизүү жөнүндө жарлыктын негизинде "Айыл Банк" ААКта жетим балдар үчүн аманаттарды ачуу каралган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, бала 18 жашка чыкканда депозиттеги 500 миң сомдон кем эмес өлчөмдө топтолгон каражаттар анын тандоосу боюнча билим алууга, же ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга, же турак жай сатып алууга керектелүүчү чыгымдарга каралган.

"Келечекке салым" депозитин ачууга жарандардын жеке кайрылуусунун зарылдыгы жок, ал балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган менен "Айыл Банк" ААКтын алдында гана демилгелүү тартипте ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жеткиликтүү байланыш каражаттары (почта, электрондук почта) аркылуу "Келечекке салым" депозитинин банк эсебинин номери тууралуу кабарланат.

Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 2 853 жетим бала жашайт.

Пикир

Оставить комментарий