• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Келечектеги Гапар Айтиев, Чокморовдор. Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 04.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Биздин балалыктын асманы” аталышындагы альбом-каталогунун бет ачары өттү.

Иш-чаранын максаты – жаштар чыгармачылыгын колдоо, дем-шык берүү, жаш сүрөтчүлөрдүн тематикалык диапазонун кеңейтүү, өсүп келе жаткан муунду адеп-ахлактык, мекенин сүйүүгө тарбиялоо, ошондой эле аларда тынчтык идеалын бекемдөө болду.

Каталогдун бет ачарына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Динара Молдошева, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Алтыбаева, Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев жана башкалар катышты.

Нет описания.

Динара Молдошеванын айтымында, онлайн-көргөзмөнү Кыргызпатент Сүрөтчүлөр союузунун жаштар бирикмеси менен биргелишип, 2020-жылы карантин маалында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурган.

“Бүгүнкү иш-чарага №71 мектеп-интернатынын, “Сейтек” балдар жана жаштар улуттук борборунун, “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү методикалык-окуу борборунун окуучулары жана конкурстун жеңүүчүлөрү катышууда. Туура бир жыл мурун “Биздин балалыктын асманы” аталышында конкурс жарыялаганбыз. Республиканын бардык аймактарынын балдарынан 200гө жакын иш келип түштү. Ал эми катталогго кесипкөй сүрөтчүлөрдөн, педагогдордон жана практик адистерден турган комиссия тандап алган “Живопись”, “Графика”, “Станоктук скульптура”, “Жасалга-колдонмо искусствосу” номинациялары боюнча 123 иш киргизилди”, - дейт ал.

“Биздин балалыктын асманы” аталышындагы альбом-каталог 1 миң нускада чыгарылды. Каталогдор өлкөнүн бардык китепканаларына, билим берүү борборлоруна, сүрөт багытындагы окуу жайларына жана уюмдарга берилет.

Маданият министри Кайрат Иманалиев музейдин имаратында жаш сүрөтчүлөрдүн китебинин бет ачары болуп жатканына токтолуп, келечекте алар Гапар Айтиев, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу залкар сүрөтчүлөрдүн болушун каалады.

Нет описания.

“Балдарыбыздын асманы дайыма ачык болсун. Эң таланттуу жаш бөбөктөрүбүздүн тарткан мыкты сүрөттөрү атайын китеп болуп чыгып, Кыргызпатент тарабынан балдардын майрамына чоң белек катары тартууланып жатат. Биз турган Гапар Айтиев атындагы музей кыргыздын мыкты сүрөтчүлөрүнүн эмгектери турган көркөм искусствонун эң бийик имараттарынын бири. Бул жерде Гапар Айтиев баштаган алдыңкы сүрөтчүлөрдүн эмгектери турат жана так ушул жерде жаш сүрөтчүлөрүбүздүн тушоосу кесилип жатат”, - деди министр.

Иш-чаранын алкагында сүрөт көргөзмө болуп, сайма саюу, скульптура, сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий