Келемиш жүгүрүп жүргөн кондитердик дүкөн бузууларды четтетүүгө чейин жабылды

Коом 0

Бишкек, 05.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагындагы кондитердик дүкөн жабылып, бир катар санитардык-гигиеналык нормаларды бузгандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлери билдиришти.

Департаменттин тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн маалыматы боюнча кечээ ведомствонун кызматкерлери келемиш жүргөн “Мир сладостей” дүкөнүндө пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада коомдук тамактануу жайына коюлган бир катар санитардык-гигиеналык талаптар бузулганы аныкталган.

МСЭКД тарабынан кондитердик дүкөндүн ээсине протокол түзүлүп, 5 миң сом айып салынды. Протоколго ылайык, коомдук тамактануу жайы ишин бардык бузуулар четтетилгенге чейин токтотот.

Белгиленгендей, бүгүнкү күнү кондитердик жабык, МСЭКД кызматкерлери эртең менен барып коюлган талаптардын аткарылышын текшеришти. Бул дүкөн ижарага берилип келгени, анын ээси ижарачылар кандай шартта иштеп жатканынан кабары жок экени аныкталган. Ээсинин айтымында, бардык санитардык-гигиеналык бузуулар четтетилген соң, кондитердик дүкөн кайрадан башка адамдарга ижарага берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин күбөлөр Ош базарындагы фаст-фуд дүкөнүндө жүргөн келемишти видеого тартып алышкан.

Видеонун авторлору бул окуя Чүй проспектисиндеги “Берекет Гранд” соода комплексине жакын жерде болгонун билдиришет. “Мир сладостей” кондитердик түйүнүнүн азыктарынын үстүндө келемиш жүгүрүп жүргөнүн тартып алышкан. Чуулгандуу видео кечээ Facebook тармагынын белгилүү топторунун биринде жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий