• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кемелова БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы жаңы дайындалган өкүлү Олег Гучгельдыев менен жолукту.

Жолугушууда тоо жашоочуларынын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусуна, анын ичинде айыл чарба жана токой чарбасы, азык-түлүк коопсуздугу жана тоолорду өнүктүрүүгө байланыштуу негизги маселелер талкууланды.

Климаттын өзгөрүшүнүн таасирине айыл жана тоолуу жамааттардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларга, ошондой эле тоолуу аймактарга мүнөздүү органикалык айыл чарба продукциясын жайылтууга өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий