Кемелова ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнч президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту.

Жолугушууда ЕККУ тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан техникалык жана эксперттик колдоону, анын ичинде тоолуу аймактардын жашоочуларына колдоо көрсөтүүнү жана тоо экосистемаларын коргоону, ошондой эле ар кандай эл аралык иш-чараларды, атап айтканда ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда органикалык заттарды алга жылдыруу боюнча аймактык форумду өткөрүү маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы “2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди жарыялоо жөнүндө” Жол картасын ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий