• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кемин райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Кемин райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысы кармалды . Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Чүй облусунун мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан опузалап пара талап кылуу фактысын аныктады.

2024-жылдын 1-мартында УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анда Кемин райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн кызмат адамдары И.Г.Ч аттуу жарандан жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерди алуусу үчүн 130 миң сом акча каражатын опузалап талап кылышкандыгы аныкталды.

Аталган иштин алкагында Кемин райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн кызматтык кабинетинде 70 миң сом пара алып жаткан жеринен бөлүм башчысы А.Т.З. , А.Г.З. жана К.Ш.Т., ошондой эле Кемин райондук архитектурасынын башчысы С.Т.Э. кармалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кызматкерлер КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий