• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кемин районунда дайынсыз жоголгон 59 жаштагы тургун изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Кемин районунда дайынсыз жоголгон 59 жаштагы А.С. аттуу тургун изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал аталган райондун Жылтыр тилкесиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин “101” кызматына туугандары билдиришкен.

Мындан улам кечээ, 11-декабрда Кемин райондук ӨКБдан авариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу издешкен.

Ал эми бүгүн кайрадан жогоруда аталган бөлүктөн 11 куткаруучу 3 милиция кызматкери менен биргеликте жел кайык, дрон аппараты менен издөөгө чыгышкан.

Белгиленгендей, учурда алар агын суунун жээктеринен жана талаалардан издешүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий