• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кеминде 1,7 млрд сомдук кен мамлекеттин балансына кайтарылды

Коом 0


Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Кемин районунда жайгашкан 1 млрд 782 млн сомдук кенди мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын турмуштун ар кайсыл чөйрөлөрүндө камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет.

Алсак, колдо болгон материалдардын алкагында Кемин районунун Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан, №50 инвестициялык номерлүү 196 гектар аянттагы өнөр жай жерлерин (карьерлерди) мамлекеттин балансына кайтаруу иштери жүргүзүлүүдө. Тийиштүү баалоонун жыйынтыгы боюнча аталган кендин базар баасы 1 млрд 782 млн 656 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган кен алтын рудасын аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн "Боорду" ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз иштетилген. Тактап айтканда, жерди бөлүп берүү жол-жобосу жүргүзүлгөн эмес жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер таризделген эмес.

Учурда аталган кенди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий