Кеминде 6 күндөн бери дайынсыз болгон жаранды издөө уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кеминде 6 күндөн бери дайынсыз болгон жаранды издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-декабрда 59 жаштагы А.С. аттуу эркек киши Жылтыр тилкесинде жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кечээ, 12-декабрда издөө иштерин жүргүзүүгө жел кайык менен 11 куткаруучу, 3 милиция кызматкери тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Издөө иштери бүгүн, 13-декабрда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий