• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кеминде агасы инисин өлтүрүүгө шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кеминде агасы инисин өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 19-июнда Кемин райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, анын кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калгандыгын билдирген.

Көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери барып, үйдөн 1992-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин киши өлтүрүү беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, маркумдун аталаш агасы 1979-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайыга камакка алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий