Кеминде дээрлик 1 млрд сомдук 106,3 га жер мамлекеттин балансына алынды

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Кемин районунда 968 млн сомдук өндүрүш багытындагы 106,3 га жер аянты мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кызыл-Октябрь айыл аймагында 1991-жылы Ленин атындагы машина куруучу заводуна пайдаланууга берилгени, бирок бүгүнкү күнгө чейин укук аныктоочу, укук тастыктоочу документтери жок, муниципалдык менчикке алынбай келген жана алардан жергиликтүү бюджетке салык, ижара, инвестициялык төлөмдөрдөр мамлекеттин бюджетине төлөнбөй келген жалпы 106,3 га жер аянты аныкталды.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде жалпы нарктык баасы 968 млн 827 миң сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекеттик баланска алынды.

Пикир

Оставить комментарий