• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

Кеминде жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Кеминде жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн ӨКМге Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын тургуну 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек киши 29-ноябрда Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп атканы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган жаран сарайда турган досуна учурашканы барып, кийин үйүнө кайрылып келген эмес, ал эми минип жүргөн аты кайтып келген.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кемин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Кемин райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылып, жалпы 11 адам издөө иштерине чыгышты. Учурда издөө иштери улантылууда.

Кошумча маалыматтар берилет.

Пикир

Оставить комментарий