Кеминде жол боюндагы имараттардын сырткы көрүнүшү ирээтке келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Кемин районунда иштелип чыккан дизайн код боюнча имараттар ирээтке келтирилүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, буга чейин Кемин районунун аймагы аркылуу өткөн Бишкек – Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун 110-чакырымында жайгашкан объектилердин сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү максатында имараттын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Учурда Кемин регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан имараттардын эскиздик долбоору иштелип чыгып, ага ылайык имарат ээлери тарабынан беш имарат бузулуп, эскиздик долбоорго туура келтирүү иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий