• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кеминдеги Ильич айылына жаңы бала бакча курууга 83,5 млн сом бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылына жаңы бала бакча курууга 83 млн 559 миң 637 сом бөлүндү.

24-октябрда Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтына куруучу компанияны тандоо боюнча тендер жарыяланды. Сынак 9-ноябрга чейин созулат.

Бала бакча канча орунга эсептелгени такталган эмес. Маалым болгондой, курулуш иштерин бүтүрүү мөөнөтү подрядчы менен келишим түзүлүп жатканда талкууланып, 30-декабрга чейин долбоорго каралган бардык сумма бир маалда анын эсебине которулат.

Пикир

Оставить комментарий