• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Кемпир-Абад маселеси. УКМКнын төрагасы активисттер менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Кемпир-Абадчыларды" кабыл алып, абалды дыкат түшүндүрүп берди. Бул тууралуу жолугушууга катышкан активист Илгиз Шаменов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев аларды УКМКнын конок үйүндө жылуу маанайда кабыл алган.

"Кемпир-Абад боюнча Камчыбек Кыдыршаевич жеке өзү баарын көрсөтүп, дыкат түшүндүрүп берди. Карталардын баарын жайып ачык көрсөттү, ар тараптуу талкуу болду, жеке мен ынандым. Себеби, мен көргөн документтердин негизинде, биздин картабыз мурда 199 миң чарчы метр болсо, азыр 200 миң чарчы метр болгонун картадан өз көзүм менен көрдүм.

Эми калганына тарых баа берет деп ойлойм, жылуу маанайда бизди кабыл алып, түшүндүрүп, сөз берип, оюбузду укканы үчүн Камчыбек Кыдыршаевичке терең ыраазычылык билдирем. Дагы кандайдыр бир маселелер болсо келгиле, эшигим дайыма ачык деген сөзүн айтты", - деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин бир катар саясатчылар жана активисттер Кемпир-Абад, анын ичинде Кыргызстандын жерлери Өзбекстанга берилип кетти, бийлик бизди алдап жатат деп нааразычылыктарын айтып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий