• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кендирбаева EWMI филиалынын директору менен кызматташтыкты талкуулады

Билим 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандагы East-West Management Institute филиалынын директору жана USAIDдин "Укук булагы" долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон баштаган "Укук булагы" долбоорунун кызматкерлери менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар юрист студенттер үчүн "Укук булагы" долбоорунун алкагында иштелип чыккан курсту ЖОЖдорго киргизүү, социалдык педагогдорду, "Адам жана коом" предмети боюнча мугалимдерди окутуу, мектеп окуучуларынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, укуктук темалар боюнча биргелешкен иш-чаралар маселелерин талкуулашты.

Маалымат үчүн: "Укук булагы" долбоору адамдарга багытталган сот адилеттигине болгон мамилени колдонуу менен мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана коррупцияга менен күрөшүүгө багытталган. “Укук булагы” долбоору East-West Management Institute коммерциялык эмес уюму тарабынан АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) каржылык колдоосунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий