• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кендирбаева ЖАМУнун жаңы имараты менен таанышып, бала бакчанын ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы имараты менен таанышып, окуу жайдын алдындагы бала бакчанын ачылышына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы имарат университеттин атайын каражатынын эсебинен курулуп, окуу имаратына 162 миллиондон, административдик имаратына 130 миллиондон ашык каражат сарпталды. Бул имараттар заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен жабдылды.

Ошондой эле министр ЖАМУнун студенттеринин робототехника боюнча иштерине күбө болуп, окуу жайдын алдындагы бала бакчанын ачылышына катышты. 130 балага ылайыкталган бакчада 60 бала тарбияланат.

Мындан сырткары, Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугуп, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, адистерди даярдоо, билим берүү системасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий