• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кененбаев: “Калаа башчыны шаар тургундары тандаса албетте жакшы болмок”

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. “Мэрди калаа тургундары тандаса албетте жакшы болмок”, - мындай оюн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев билдирди.

Ал “Кабар” агенттигине берген маегинде билдиргендей, мэрди тандоо боюнча чындыгында эле шаар тургундары тарабынан нааразычылыктар көп болууда.

“Бул жерде мыйзамдык база керек экендигин айтып кетүү абдан маанилүү. Нааразычылыктар боюнча мыйзамдык база керек. Албетте, калаа башчыны шаар тургундары өздөрү тандаса жакшы болмок. Бирок бүгүнкү күндө мыйзам башканы талап кылат. Ошондуктан биз мыйзамга ылайык иштейбиз”, -деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, мыйзамга ылайык, мэрге талапкерди БШК фракциясы, БШК көпчүлүк коалициясы жана премьер-министр сунуштай алат.

2018-жылдын 13-июлунда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыккан. Акыркы сөз премьер-министрде калды.

Пикир

Оставить комментарий