Режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” кино тасмасы көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин, фильм тууралуу позитивдүү көз караштар айтылып, кино сынчылардын мыкты баасына татыды.
Тасманын мазмуну, максаты тууралуу кеп кылсак, Актан мырзанын фильмдери өзү айткандай, жашоосунан алынат. Ар дайым кызыктуу, адаттан тыш көрүнүштөрү, башкаларга окшобогон сценарийи менен өзгөчөлөнөт. “Кентавр” тасмасынын башкы каарманы илгерки заманда кыргыз эли бирдиктүү, күчтүү мамлекет болуп, бирок кудайдын каргышына калып каардуу жырткычтарга айланганына ишенет. Эми ошол кудайдын кечиримин алуу үчүн элдин ичинен бир баатыр чыгып, күлүк аргымакты минип түнү бою чаап, кудайдан кечирим суроосу зарыл. Ошол баатыр мен болоюн деп башкы каарман айылдын байынын күлүгүн түнү уурдап чаап, эртеси жайытка бошотуп коюп жүрөт. Бирок айыл тургундары муну туура эмес талкуулашып, ат ууруну катуу жазалоо керек деген ишенимде болушат.
Бул тасманы көрүп жатып бир башкача ойго чөмүлүп, абдан таасирленет экенсиң. Азыр окуя кайсы багытка өзгөрүп кетет деп кызыгасың. Негизи кинотасмада деталдар абдан маанилүү, адамдын бетин, эмоциясын жакындан көрсөткөндө көрүүчүгө эки эсе таасир тийгизет. Анткени экрандан каармандын сезимин, кайгысын, кубанычын көргөндө, аны менен кошо кубанып, кошо кайгыргандан башка арга калбайт. Бул да болсо Актан Арым Кубаттын кесипкөйлүгү десек болот. Мисалы башкы каармандын жубайынын ыйлаганын көрүп, эч бир адам таасирленбей кое албайт. Актриса Зарема Асаналиеванын айтымында бул бир мүнөттүк кадрды тартуу үчүн он мүнөт ыйлаган экен. Албетте, мындай шедевр бир жолку аракеттен чыга калбасы анык.
Тасманын башкы каарманына келсек, Кентавр (айылдыктар аны ошентип атап коюшат) карапайым, жөнөкөй адам. Бул адамдын тагдыры мага көп жаңылык айта алды. Маселен, техниканын өнүгүшү менен мурунку киномеханиктер жумушсуз калганын эске салды. Өлкөдөгү дудуктар орус тилинде гана сүйлөөрүн көрсөттү, дал ошол дудуктардын тагдыры, үй-бүлөлүк жашоосу тууралуу ойго батып калдым. Режиссердун айтымында жаңы сценарий жазылып жатканда дудук аял тууралуу кеп болгон эмес, бул идея кийин келген. Бирок дал ошол сүйлөбөгөн жубайдын ролу тасманын толук кандуу таасирдүү болушуна көмөкчү болду.
Бул фильмде режиссер ойдон чыгарылган уламышты ортого алып, анын тегерегинен көптөгөн көйгөйлөрдү козгой алган. Ошол эле арабдаштыруу саясаты, байлардын үстөмдүгү, акчанын күчү, кыргыздардын жаныбарларга болгон мамилеси жөнүндө чоң сөз болгон. Бул тасманы көргөн соң, кыргыздын салтынын каардуулугун байкадым, таң бердим. Чындыгына келгенде бир кылым мурун, биздин жалгыз канатыбыз болгон аргымактар бүгүнкү күндө мактанганга гана себеп болуп калды. Той берсек жылкы соёбуз, капчыгы калыңыбыз бир даанага ыраазы болбой экиден, үчтөн курмандыкка чалышат. Бул Кентавр айткандай жырткычка айланганыбыздын далили эмеспи.
Даярдаган Айсулуу Кабылбекова
Пикир
Оставить комментарий