• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кепилдик фонд ISO 9001 эл аралык шайкештик сертификатын алды

Экономика 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Күн мурун "Кепилдик фонд" ААКтын кеңсесинде 9001:2015 шайкештик сертификатын расмий тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Cert International s.r.o. компаниянын аудитору А. Кичигин 9001:2015 эл аралык стандарт сертификатын "Кепилдик фонд" ААК башкармалыгыынын төрагасы Малик-Айдар Абакировго тапшырды.

Документ "Ишкердик субъекттерине жеке жана портфелдик кепилдиктерди берүү"жаатында сертификациялык жол-жоболордун алкагында аткарылган аудиттин жыйынтыктарынын негизинде берилген.

Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айынын башында Кепилдик фонд ISO 9001 эл аралык стандарттарына ылайык сертификациялык аудитти ийгиликтүү аяктаганын жарыялаган.

"Биз "Кепилдик Фонд" ААК өлкөдө биринчилерден болуп бүгүнкү күнгө чейин сапат менеджменти системасын өз күчү менен ишке киргизип жана ISO 9001 сертификатын алган жалгыз финансылык уюм экендигине сыймыктанабыз. Аудиторлор команданын кесипкөйлүгүн жана жетекчилердин компетенттүүлүгүн, ошондой эле кызматкерлердин өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаруусун бөлүп көрсөтүштү", – деди Абакиров.

Өз кезегинде Cert International s.r.o. компаниянын аудитору А. Кичигин «Кепилдик фонд» ААКсынын системасы эл аралык стандарттын талаптарына толук жооп берерин баса белгиледи. Сертификат уюмдун мыйзам ченемдерин, ички регламенттерди сактагандыгын жана кардарлардын кызыкчылыктарына багытталгандыгын тастыктайт.

Маалымат үчүн: ISO 9001 шайкештик сертификаты – эксперттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилген жана уюмдун сапат менеджменти системасы ISO 9001 эл аралык стандартына жооп берерин тастыктаган документ.

Пикир

Оставить комментарий