• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кепилдик фонду менен Борбордук Азиянын Капитал банкы кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. «Кепилдик фонд» ААКсынын кеңсесинде Микро, чакан жана орто ишканаларга өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү» долбоордун «Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми» (ПТБМ) №2 компонентин ишке ашыруунун алкагында кызматташуу келишимине кол коюлду.

Фонддон билдиришкендей, документке “Кепилдик фонд” ААК жана “Борбордук Азиянын Капитал Банкы” ААК башкармаларынын төрагаларынын орун басарлары Эрик Таласбаев жана Замирбек Акунов кол коюшту.

Келишимдин мазмуну болуп, финансылык уюм тарабынан ишкерлерге берилген кредиттер боюнча кредиттик тобокелдиктин бир бөлүгүн бөлүштүрүү үчүн Кепилдик фондунун портфелдик кредиттик кепилдикти берүү тартибин жана шарттарын аныктоо саналат. Макулдашуу ПТБМ жол-жоболорун жөнгө салуучу Колдонмолорго негизделген.

Долбоор КР Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонд» ААКтын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылууда. ПТБМ финансылык институттарга кредиттерди жеңилдетилген шарттарда берүүгө жана кайтарылбай калуу коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын башынан тартып Кепилдик фонд Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун №2 «Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми» компонентин ишке ашырууну баштаган. Долбоор КР Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонд» ААКсы менен биргеликте ишке ашырылууда, ал аталган долбоордун алкагында агент катары чыгып, ишкердик субъекттерине портфелдик кепилдиктерди берет.

ПТБМ алкагында 2022-жылы Кепилдик фондуна 32 млн доллар тартылган, бул ата мекендик ишкерлер үчүн реалдуу колдоо.

Пикир

Оставить комментарий