• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кепилдик фонду 2018-жылы 419 кепилдик берди

Коом 0

Бишкек, 31.01.19./Кабар/. 2018-жылдын аягына “Кепилдик фонду” ААКнын капиталы 819,7 млн. сомду түзгөн, анын ичинен жеке капитал - 613 млн. сом. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында фонддун төрагасы Малик Абакиров билдирди.

Анын айтуусунда, 40%дык үлүш акциясы менен Улуттук банкка кирүү күтүлүүдө.

"2018-жылда жалпы суммасы 507 млн. сомго 419 кепилдик берилген. Фонддун кепилдиги алдында берилген банктын насыялардын көлөмү 1,779 млрд. сомду түзгөн. Фонддун ишмердүүлүгүнүн башынан бери 755 млн. сомго 656 кепилдик берилген", - деп билдирди ал.

Абакиров кошумчалагандай, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 25,6 млн. сом өлчөмүндө киреше алынган. План 14,8 млн. сом болчу. Өсүү 173%ды түзгөн.

Ал кепилдиктин жардамы менен 1 миң 225 жумуш орду түзүлгөндүгүн билдирип, учурдагы 5 миң 887 орун колдоого алынгандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий