Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонду тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 1088 кепилдик берилген.
Фонддон маалымдашкандай, бул бардык берилген кепилдиктердин 40%ын түзөт. Аталган мезгил аралыгында аялдардын бизнесин колдоо үчүн берилген кепилдиктердин көлөмү 868 млн сомдон ашыкты түздү.
"Кепилдик фонд" ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө кепилдиктердин үчтөн биринен ашыгы – бизнести колдоого багытталган кепилдиктердин жалпы санынын 38%ы берилген. Жалпысынан "Кепилдик фонд" ААКсы аял ишкерлерди колдоо үчүн 3 миллиард 166 миллион сом суммасында 4071 кепилдик берген.
"Кепилдик фонд" ААКтын колдоосун пайдаланган аялдар өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлдөрү, алар ар кандай тармактарда эмгектенишет.
Пикир
Оставить комментарий