• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Кепилдик фонду Дүйнөлүк банк долбоорунун алкагында бизнеске 1,5 млрд сом колдоо көрсөттү

Экономика 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Кепилдик фонду Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 4160 ишкердик субъектке 1,5 млрд сом өлчөмүндө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы кабарлайт.

Дүйнөлүк банктын «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоору КР Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонду» ААКсы менен биргеликте ишке ашырылууда. Фонд агент катары чыгып, бизнес өкүлдөрүнө портфелдик кепилдиктерди берет.

Долбоор №2 «Портфелдик тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизми» (ПТБМ) компонентинин алкагында 2022-жылдан тарта ишке ашырылууда.

Бул убак аралыгында Кепилдик фонду ишкерлерге 1,5 млрд сомдон ашык суммага 4160 портфелдик кепилдиктерди берген. Өнөктөш банктар тарабынан ишкерлерге 3,2 млрд сомдон ашык насыя берилди.

Бүгүнкү күнгө чейин ПТБМдин алкагында Кепилдик фонд өнөктөш банктар менен кызматташуу боюнча алты келишимге кол койгон. Келишимдер Кепилдик фонду тарабынан портфелдик кредиттик кепилдикти берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоого багытталган.

Портфелдик тобокелдикти бөлүштүрүү механизми финансы-кредиттик мекемелерге кредиттин кайтарылбай калуу тобокелдигин азайтууга мүмкүндүк берет жана кредиттик процедураларды жумшартат.

Пикир

Оставить комментарий