• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кепилдик фонду жыл башынан тарта 2,5 миңге жакын ишкерге 2,4 млрд сомго кепилдик берди

Экономика 0

Бишкек, 03.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында “Кепилдик фонду” ААК 2 миң 479 ишкерге 2 млрд 484 млн сомго кепилдик берген. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, бул атамекендик бизнеске 6 млрд 830 млн сомдон ашык кредиттик каражаттарды алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Кепилдик фондунун башчысынын маалыматына ылайык, 2016-жылдан 2024-жылдын 30-сентябрына чейин мамлекеттик ишкананын бардык ишмердүүлүгүндө Кепилдик фонду тарабынан ишкердик субъекттерге гарантиялык колдоо көрсөтүлүп, 10 млрд 601 млн сомдон ашык суммага 10 миң 645 кепилдик берилген. Бул ата мекендик бизнеске 32 млрд 866 млн сомдон ашык суммадагы кредиттик каражаттарга жетүүсүн камсыз кылган.

“Өткөн жылдардагыдай эле аймактарда ишкерлерди колдоо биздин ишмердүүлүктө артыкчылыктуу багыт болуп саналат, айыл чарба тармагына, өнөр жайга, туризмге, ипотекага, ошондой эле экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларга өзгөчө көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө берилген кепилдиктердин жалпы санынын 88%ы аймактарга жөнөтүлдү” – деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий