• 87
  • 90.41
  • 0.84

КЭР Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга сапары тууралуу

Саясат 0

Бишкек, 13.09.20./Кабар/. 2020-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу болду.

COVID-19 пандемия убагында бийик даражалуу коноктун Кыргызстанга бул жолку келиши алар тараптардын стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге чоң маани берилип жатканын күбөлөйт.

Маектешүү учурунда министр Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу гуманитардык жардамдары жана туруктуу колдоолору үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары кыргыз-кытай кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты. COVID-19 пандемиясына байланыштуу ишке ашырылышы аргасыз токтоп калган маанилүү эки тараптуу долбоорлорду иш жүзүндө алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыздын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын КЭРге экспорттоо маселелерине да токтолушту.

Тараптар ушул жылдын 8-сентябрынан тартып «Торугарт» КϴП аркылуу жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышына канааттануусун билдиришти. КР менен КЭРдин ортосундагы өз ара жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышы пандемия шартында соода-экономикалык байланыштын жанданышы үчүн негизги фактор болуп саналары айтылды, ал Кыргыз Республикасында экономикалык активдүүлүктү кызыктыруу үчүн дегеле негизги кадам болуп саналат.

Макроэкономикалык кырдаалга коронавирустук инфекциянын терс таасири тийип жаткандыктан КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүү маселесине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Сапардын алкагында «Кыргыз Республикасынын ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн-сактоо бөлүмдөрүнүн техникалык потенциалын бекемдөө» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ϴкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын ϴкмөтүнүн ортосунда алмашуу катына кол коюлду. Долбоордун алкагында 100 өрт өчүрүүчү унаа, атайын жана авариялык-куткаруу автомобилдик техникалардын бирдигин жана 15 өрттөн-куткаруу жабдуулар бирдигин берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий