• 87
  • 90.58
  • 0.83

Кербен шаарында кургак учуктун алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-март күнү Аксы районунун борбору Кербен шаарында кургак учук оорусуна каршы жөө жүрүш болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты - жергиликтүү тургундар арасында кургак учуктун алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Пикир

Оставить комментарий