• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кербен шаарында залкар жазуучу Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Кербен шаарында залкар жазуучу, акын жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими Жунай Мавляновдун 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Ж.Мавлянов атындагы Кербен иновациялык лицей-жатак мектебинде өттү. Ага маданият министринин орун басары Айнура Аскарова, Жогорку Кеңештин депуттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын чакырылган меймандар жана кеңири коомчулук катышты.

100 жылдыкка арналган иш-чаранын катышуучулары алгач Жунай Мавляновдун эстелигине гүл коюуп, андан соң эл жазуучунун өмүр жолуна жана чыгармачыгына арналган илимий практикалык концеренция менен уланды.

Конференциянын жүрүшүндө Жунай Мавляновдун чыгармаларындагы тарбия, адеп- ахлак жана улуттук баалууктар тууралуу омоктуу ойлор айтылып, анын чыгармалары өз ордун тапкан жана күнү бүгүнкүдөй актуалдуулугун жогото электиги баса белгиленди.

Өз сөзүндө министрдин орун басары Айнура Аскарова Ж.Мавляновду кыргыз эли залкар жазуучу, акын, улуу педагог катары билээрин, чыгармачылык менен агартуу тармагындагы айкалыштыра алып барган иши тууралуу айтып, өмүрүн агартуучулукка арнаган инсандын басып өткөн жолу жаштарга үлгү экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле ал Ж.Мавляновду адамдардын жан дүйнөсүнө терең таасир бере турган чыгармаларды жаратканын, аны менен катар анын адамгерчилиги, улуу устат катары эстеп, коомчулукта жана чыгармачылык чөйрөдө айтылып жүргөн сөздөрдү эске салды.

Аскарова акындын 100 жылдыгына карата Бишкек шаарында мамлекеттик деңгээлде чоң салтанаттуу эскерүү кече, акындын китеп көргөзмө жана илимий-практикалык конференция өткөрүүнү пландалып жатканын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий